МЭРДИН КУБОГУ 2024
ЖАЛКЫБЫЗ ЖАЛПЫБЫЗ ҮЧҮН, ЖАЛПЫБЫЗ ЖАЛКЫБЫЗ ҮЧҮН!
Саламаттыкты сактоо жана сергек жашоонун синоними болуп эсептелген спорт дүйнөсүндө да биздин окуу жайдын орчундуу орду бар деп айтсак жарашат.
«Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат» деген элдик накыл кептин таразасын тең салмакта кармоого ар дайым аракет кылып келе жаткан окуу жайыбыздын спортчулары бул күнү маанилүү мелдештин майданына күч сынашып чыгышты. Эсте каларлык дагы бир күн жөндөм менен шыктын, шамдагайлык менен шайма-шайлыктын, биримдик менен ынтымактын туусу астындагы сынак болду.
Натыйжада биздин Нарын медициналык колледжинин спорт командасы 2024-жылдагы Нарын шаарынын мэринин кубогундагы байгелүү орундарга жетишти. Спорттун каармандарын окуу жайдын атынан оңой-олтоң колго илине бербеген татыктуу жеңиштери менен чын дилден куттуктайбыз!
Нарын шаарындагы саламаттыкты сактоо тармагы боюнча онго жакын мекеме-ишканалардын катышуусундагы бул спорттук мелдеш кызуу жүрдү. Биздин студенттер мыкты чеберчиликти жана командалык биримдикти көрсөтүү менен төмөндөгүдөй байгелүү орундарга ээ болушту:
– Аялдар арасында волейбол боюнча 1-орун
– Аялдар арасындагы баскетбол боюнча 3-орун
– Эркектер арасында волейбол боюнча 3-орун
Жалпы командалык мелдеште биздин колледждин кыз-келиндер командасы ардактуу 2-орунду татыктуу оюн менен ээлешти!
Арийне, биз спортчуларыбыз менен сыймыктанабыз жана баардык колдоо көрсөткөндөргө, сүрөөнчүлүк жана күйөрмандык кылган үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!
Жаңы жеңиштерге карай «жалпыбыз жалкыбыз үчүн, жалкыбыз жалпыбыз үчүн алга!» деген ураанды таштоо менен окуу жайыбызды спорт жана билимдин Олимпине, жеңиштердин Ала-Тоосуна, академиялык жетишкендиктер менен жашоонун ар тармагындагы албан-албан ийгиликтердин Теңир-Тоосуна жетишүүсүнө тилектешпиз!
#НарынМедКолледжи #МэрКубогу2024 #Спорт #Жеңиш #Командалык дух