БАҢГИЗАЗАТ БАЯНДАМАСЫ
Нарын медициналык колледжинде баңгизаттар боюнча түшүндүрүү лекциясы өттү
Нарын медициналык колледжинде Нарын бажы кызматынын контрабанда жана бажы эрежелерин бузуу менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Иманкулов А.У. жана опер кызматкерлери Мундузов Б.З., Мусаева М.А. студенттер менен жолугушуп, баңгизаттар тууралуу кеңири маалымат беришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкү темалар талкууланды:
• Баңгизаттарды ташуу ыкмалары жана контрабанданын коркунучтары;
• Баңгизаттардын түрлөрү, алардын кесепеттери жана дүйнөлүк статистика;
• Аптекадан сатылган синтетикалык наркотикалык заттар жана алардын зыяны;
• Баңгизатка көз карандылык жана анын алдын алуу жолдору.
Ошондой эле, адистер келечектеги медицина кызматкерлери бул дары-дармектерге күнүмдүк ишинде кезигиши мүмкүн экенин белгилеп, алардын таасири жана кооптуу жагдайлары тууралуу маалымдуу болуу зарылдыгын баса көрсөтүштү.
Студенттер лекцияга активдүү катышып, суроо-жооп форматында талкуулар өткөрүлдү. Иш-чара жаш адистердин билимин кеңейтип, коопсуздук чараларын өздөштүрүүгө көмөк көрсөтөт.
#НарынМедколледжи #ТүшүндүрүүЛекциясы #Баңгизаттар #БажыКызматы #МедицинаКызматкерлери