ВИРТУАЛДЫК-АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТҮ ӨНҮКТҮРҮҮ
Республикалык деңгээлде колледждер арасында “Виртуалдык- академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү” максатында НМКнын усулчулары тарабынан конок лецияларды өтүүнүн регламенти түзүлүп, колледждер арасында Zoom конференциясы уюштурулду.
НМКнын окутуучулары 19.02-26.02.24-ж убакыт ичинде Республикадагы медициналык колледждерге онлайн форматта “Фармакология”, “Фармацияны уюштуруу жана экономикасы”, “Микробиология вирусология жана эпидемиологиянын негиздери менен”, “Хирургия”,” Акушерство” предметтери боюнча лекцияларды өтүштү.
Онлайн лекциялар НМКнын окутуучулары: А.А. Алмазбеков, А.А.Касканова, Г.Т.Турарбекова, К.А. Иманканова, Ж.Д. Абдыразакова тарабынан өтүлдү.
Баардык сабактар Zoom аркылуу эң мыкты деңгээлде өтүлүдү.
Ар бир сабакты өтүүдө кайтарым байланыштар болуп, студенттер тарабынан суроолор берилип окутуучулар тарабынан жооп кайтарылып турду. Сабактар өтө кызыктуу болуп, инновациялык технологияларды колдонуу менен Canva да презентациялар даярдалып орус жана кыргыз тилдеринде өтүлдү.
Сабактын аягында Республикадагы медициналык колледждер тарабынан ар бир окутуучуга жана уюштуруучуларга терең ыраазычылыктар билдирилип, иштерине ийгилик каалап, сабак жогорку деңгээлде болуп жаткандыгын баса белгилеп айтышты.
⁹
КОРЕЯ ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШУУ АГЕНТТИГИНИН (KOICA) ӨКҮЛДӨРҮ НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ
КОРЕЯ ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШУУ АГЕНТТИГИНИН (KOICA) ӨКҮЛДӨРҮ НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ
Бүгүн 2023-жылдын 23-мартында Нарын медициналык колледжине Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) жетекчиси Ли Джонгсу, волонтердук программанын координатору Квон Хери жана менеджери Айзат Кыдыкбекова волонтердук иштердин ишмердүүлүгү боюнча жолугушууга келишти.
Буга чейин Нарын медициналык колледжине 2023- жылдын 17-январында КOICA Эл аралык уюму тарабынан “Медициналык иш” багытында волонтердук милдетти аткаруу үчүн Сонг Хеюн айым келген.
Нарын медициналык колледжинин директору Т.Б.Арпачиева келген конокторду жылуу тосуп алып, кызматташуунун мындан аркы кадамдарын талкуулашты.
Расмий жолугушуудан кийин конокторго волонтер Сонг Хеюндун колледжде алып барып жаткан иштери тууралуу видеоролик көрсөтүлүп, андан соң колледждин материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгышты.
Ли Джонгсу мырза KOICA ыктыярчыларына көрсөткөн колдоосу жана тыгыз иштешүүсү үчүн Нарын медициналык колледжинин жетекчисине жана эмгек жамаатына ыраазычылык билдирди.
ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШУУ: НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ -КОРЕЯ ( KOICA)
ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШУУ:
НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ -КОРЕЯ ( KOICA)
Кыргыз Республикасындагы Корея Эл аралык кызматташтык (KOICA) агенттигинин өкүлчүлүгү Нарын медициналык окуу жайы менен кызматташкандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирүү менен төмөндөгүлөрдү билдирет:
2014-жылдын 5-июнундагы Кыргыз Респуликасынын өкүлчүлүгү жана Корея Республикасынын өкүлчүлүгү
ортосундагы “Кайтарымсыз жардам көрсөтүүнүн алкагындагы” келишимди иш жүзүнө ашыруу максатында KOICA Эл аралык уюмунун өкүлчүлүгү КР 2022-жылдын 5-декабрында Нарын медициналык колледжине “Медициналык иш” багытында ыктыярчылык милдетти аткаруу үчүн Сонг Хеюн айым жиберилет.
KOICA Эл аралык агенттиги Кыргыз Республикасына кызматташтык көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирет.
Азыркы учурда ыктыярчы Сонг Хеюн айым Бишкек шаарында КР тилин, маданиятын, үрп -адатын, каада-салтын үйрөнүп, адаптация мезгилин өтүүдө .
Нарын облусунун Саламаттык сактоо уюмдары жана Нарын медициналык колледжи ортосунда тажрыйба алмашуу.
(15.11.2022) Нарын облусунун Саламаттык сактоо уюмдары жана Нарын медициналык колледжи ортосунда тажрыйба алмашуу жүрүп турат.
Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын “Инфекциялык көзөмөл”боюнча башкы адиси Исраилова Бермет Койчумановна Нарын медициналык колледжинин окутуучуларына
КР Саламаттык сактоо уюмдарында “Инфекциялык көзөмөл” боюнча семинар өтүп берди.
Медицинадагы актуалдуу суроолор боюнча тажрыйба алмашуу түзүлгөн пландын негизинде уланып турат.
КЫРГЫЗСТАНДАГЫ МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖДЕРДИН ОРТОСУНДАГЫ АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК НАРЫНДАН БАШТАЛДЫ.
КЫРГЫЗСТАНДАГЫ МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖДЕРДИН ОРТОСУНДАГЫ АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК НАРЫНДАН БАШТАЛДЫ.
2022-жылдын 1-3 – июнь күндөрү
КР Президентинин “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында ” Дени сак адам- өнүккөн өлкө” улуттук программасын аткаруу жана
Кыргызстандагы медициналык колледждердин ортосундагы академиялык мобилдүүлүк боюнча келишимдин негизинде 7 дубандын медициналык колледждеринин жетекчилери, окутуучулук курамдын мүчөлөрү тажрыйба алмашуу максатында иш сапарын Нарын медициналык колледжинен башташты . Алгачкы күнү колледждин материалдык- техникалык базасы, бардык бөлүмдөрдүн иш-кагаздары, ошондой эле аккредитация боюнча даярдыктары менен таанышышты.
Экинчи күнү “Кыргызстандагы медициналык колледждеринин ассоциациясынын” волейбол оюунунун ачылыш аземи болду. Иш- чарага КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн башкы адиси С.К. Эсенаманова , Нарын шаарынын вице-мэри Н.Жумакадырова, Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоцациясынын төрагасы Ө.Станбаев, Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын кызматкерлери, 7дубандан келген колледждин жетекчилери катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Колледждин директору Т.Б. Арпачиева “Өз ден- соолугубузга кам көрүү менен достугубуз, биримдигибиз чыңалып, биргеликте жетишкендиктерди жараталы” деген оюн айтып, мелдештин катышуучуларына ийгилик каалап өттү.
Мелдеш жогорку деңгээлде өтүп, 1-орунду Нарын медициналык колледжи, 2- орунду Ош мамлекеттик университетинин алдындагы медициналык колледжи, 3-орунду Ош медициналык колледжи ээледи.
Ошол эле күнү тажрыйба алмашуу максатында Нарын медициналык колледжинин “жалпы билим берүү кошуунунун” мугалими Бокоев Нарынбек тарабынан ” Улут лидери- Жусуп Абдырахманов” деген темада шаарыбыздын ” жаштар ордосунда” ачык-тарбиялык саат өтүп, келген конокторго тартуулашты. Иш-чара жогорку деңгээлде өттү.
Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоцациясы мындай иш-чараны улантууну макулдашып, кийинки кезек Бишкек медициналык колледжине берилди.