КИЧИ ФУТБОЛ
“КИЧИ ФУТБОЛ” ОЮУНУ УЮШТУРУЛДУ.
23- февраль ” Ата мекенди коргоо күнүнө” карата Нарын медициналык колледжинде эркек балдар жана агайлар арасында “Кичи футбол” оюну болуп өттү.
Мелдешке жалпы төрт команда катышып,
2-“Дарылоо иши” тайпасы
орунду Агайлар командасы
орунду 3-“Дарылоо иши” тайпасы
4 орунду 1-“Дарылоо иши” тайпасы ээлешти.
Жеңүүчүлөргө Нарын медициналык колледжинин громаталары жан акчалай байгелер менен сыйланышты
https://youtube.com/shorts/b47eo4DMou4?si=2PJ1cEMhllYnc2aN
“ПОЭЗИЯ КЕЧЕСИ”
“ПОЭЗИЯ КЕЧЕСИ”
21- февраль Эне тил күнүнө карата “Ырым -менин жан дүйнөм” темасында поэзия кечеси өттү. Мында поэзиянын келип чыгыш тарыхына толук маалымат берилип, эне тил жөнүндөгү белгилүү акындардын ырлары окулду.
Атап айтсак, А.Осмонов, А.Токомбаев, А.Токтомушев, Б.Сарногоев, Ш.Дүйшеев, Р.Гамзатов ж.б.
Ар бир тилдин кудурети ошончо,
Өз ээсине дабалыгы алардын.
Эртең тилим жоголору чын болсо,
Анда жакшы бүгүн өлүп калганым.
Бул поэзия кечесинде ыр жазып жүргөн студенттерди тааныштыруу да болду. Анда өзүлөрү чыгарган ырлары авторлордун окуусунда окулду.
3 ФАРМ Б – Өмүрбекова Айдана “Даңазалап турдуң ошол мүнөттө, улуулугун ак сүйүүнүн түбөлүк”,
3 МИ Б – Усен кызы Сайкал “Эй, адамдар”
1 ДИ К – Эржан уулу Салиджан “Эне тилин сактаймын”,
2 ЛАБ – Замир кызы Алтынай “Мен кызмын”,
1 ДИ К – Талантбек уулу Бекбол “Люди в белых халатах”, Темирбеков Автандил “Жаш студенттин арманы”.
Студенттердин автордук ырлары жакшы жазылган, аларга мындан ары да ийгилик, каалоо- тилектер айтылды.
ВИРТУАЛДЫК-АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТҮ ӨНҮКТҮРҮҮ
Республикалык деңгээлде колледждер арасында “Виртуалдык- академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү” максатында НМКнын усулчулары тарабынан конок лецияларды өтүүнүн регламенти түзүлүп, колледждер арасында Zoom конференциясы уюштурулду.
НМКнын окутуучулары 19.02-26.02.24-ж убакыт ичинде Республикадагы медициналык колледждерге онлайн форматта “Фармакология”, “Фармацияны уюштуруу жана экономикасы”, “Микробиология вирусология жана эпидемиологиянын негиздери менен”, “Хирургия”,” Акушерство” предметтери боюнча лекцияларды өтүштү.
Онлайн лекциялар НМКнын окутуучулары: А.А. Алмазбеков, А.А.Касканова, Г.Т.Турарбекова, К.А. Иманканова, Ж.Д. Абдыразакова тарабынан өтүлдү.
Баардык сабактар Zoom аркылуу эң мыкты деңгээлде өтүлүдү.
Ар бир сабакты өтүүдө кайтарым байланыштар болуп, студенттер тарабынан суроолор берилип окутуучулар тарабынан жооп кайтарылып турду. Сабактар өтө кызыктуу болуп, инновациялык технологияларды колдонуу менен Canva да презентациялар даярдалып орус жана кыргыз тилдеринде өтүлдү.
Сабактын аягында Республикадагы медициналык колледждер тарабынан ар бир окутуучуга жана уюштуруучуларга терең ыраазычылыктар билдирилип, иштерине ийгилик каалап, сабак жогорку деңгээлде болуп жаткандыгын баса белгилеп айтышты.
⁹
БИЛИМ АЛУУ ӨЗҮН ӨЗҮ ӨРКҮНДӨТҮҮ
“2023-жылдын фармация тармагындагы көз карандысыз мамлекеттик аттестациялоо жана электрондук окутуу” долбоорунун чегинде НМКнын “фармация” тайпасынын студенттери Дүйнөлүк жана Жапон фармакалогиянын фармакокинетика негиздери боюнча 10 сааттык электрондук курсун окушуп, сертификатка ээ болушту.


МЭЭДЕГИ КАН АЙЛАНУУНУН КУРЧ БУЗУЛУШУ, ИНСУЛЬТ” /БЕЙТАПТАРДЫ БАГЫП КАРОО
НМКнын 2-клиникалык кошуундун окутуучулары студенттер менен бирдикте “Мээдеги кан айлануунун курч бузулушу, Инсульт” темасы боюнча бейтаптарды багып кароо, сестралык процессти ишке ашыруу боюнча изилдөө ишин улантып келишет.
13.02.2024-ж, Бул иштин алкагында аталган кошуундун окутуучулары НОБОнын ангионеврология бөлүмүндө болушуп, инсульт менен жабыркап, төшөк режиминде жаткан бейтаптарга оюлуунун алдын алуу, кан басымды өлчөө, жутуу рефлекси төмөндөгөн бейтаптарды тамактандыруу, инъекцияларды жасоо, жансызданган дене бөлүктөрүн укалоо иш чараларын жүргүзүштү.
Бул иш чаранын негизги максаты Инсульт оорусуна чалдыккан бейтаптардын өзүн өзү тейлөө мүмкүнчүлүгү алда канча сестралык багып кароодон көз каранды болгондуктан,төшөк режиминде жаткан бейтаптарга реабилитациялык иш- чараларды туура жүргүзүү үй бүлө мүчөлөрүн үйрөтүү көбүрөөк медайымдардын иш аракетинен көз каранды.







