Е билим порталында сынак тапшыруу
Ebilim порталынын иштөөсү боюнча маалымат
Кесиптик орто билим берүүчү окуу жайларга карата коюлуучу аккредитациялык талаптарда билим берүү мекемесинин билим берүүдөгү башкаруунун автоматташтырылган тутуму болуш керек деп белгилеген.
Жогорудагы талапты аткаруу үчүн 2020-жылдын 1-октябрында EBilim автоматташтырылган тутуму менен келишим түзүлүп, НМК билим берүү процессинде колдонулуп келип жатат.
Ebilim автоматташтырылган тутуму НМК үчүн төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү түзөт:
- Абитуриенттерди кабыл алуу
- Аралыктан окутуу.
- Студенттердин өз алдынча ишин аткарууга.
- Сынактарды тапшырууга (адамдык фактор жоюлат, окуу материал кененирээк камтылат).
- Экзамендик ведомостторду, жалпы жыйынтыктоо ведомосттору автоматтык түрдө чыгат, демек убакыт үнөмдөлөт.
- Кызматкерлер жана студенттер жөнүндө толук маалымат киргизилет.
- Сурамжылоо жүргүзүлөт.
- Жалпы студенттердинбилим сапаты боюнча рейтинги.
- Окуу пландарын, педагогикалык курамдын окуу жүктөмүн, сабактардын жадыбалы.
- Окуу жайдын китепканасындагы китеп фондун санариптик форматка өткөрүлүп, порталга жүктөгөнгө мүмкүнчүлүк берет.
- Студенттерге окугандыгы жөнүндө маалым кат берүү.
- Электрондук журнал
- Окуу төлөмү;
Нарын медициналык колледжинде 14-декабрдан 31-декабрга чейин график боюнча электрондук библиотекада Е билим порталында 2020-2021-окуу жылындагы кышкы сынактарды 2-курстар тест аркылуу тапшырууда.