ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮНӨ КАРАТА СПОРТТУК ИШ-ЧАРАДА НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ 1-ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ.
(31.08.2023) ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮНӨ КАРАТА СПОРТТУК ИШ-ЧАРАДА НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ 1-ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ.
31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө, белгилүү мамлекеттик ишмерлер А.Масалиевдин, К.Базарбаевдин 90 жылдыктарына, Н.Исановдун 80 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Кубогуна арналган мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын командаларынын ортосунда облустук мелдеш болуп өттү.
Аталган мелдешке облусубуздун бардык аймактарынан келген 19 команда катышып,1-орунду Нарын медициналык колледжи окутуучулар командасы, 2-орунду Рай ЦСМ, 3-орунду АППП КР ээлешти.
Мелдеш жогорку деңгээлде өтүп, жеңүүчүлөр жана мыкты оюнчулар Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Кубогу, Мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин профсоюзунун Нарын облустук комитетинин акчалай сыйлыктары, Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын медаль, диплом, баалуу белектери менен сыйланышты.
ак