Эл аралык тажрыйба, билим жана жеңиш
2025-жылдын 10-апрели
Талдыкоргон жогорку медициналык колледжинде фармация багытындагы студенттер үчүн фармакогнозия жана ботаника сабагы боюнча эл аралык олимпиада болуп өттү. Иш-чарада студенттер теориялык тесттен жана 4 практикалык тапшырмадан турушкан сынактардан өтүштү. Жалпысы болуп 10 колледж катышты.
Бул престиждүү иш-чарада Нарын медициналык колледжинин намысын 2-фармация тайпасынын студенти Алтынбекова Нурпери Майрамбековна татыктуу коргоп, жетекчиси Касканова Анара Алымбековна менен бирге активдүү катышты. Жыйынтыгында, биздин колледж кадыр-барктуу 3-орунга ээ болду!
Мындан тышкары:
- Алмазбеков Аскар Алмазбекович «1С Бухгалтерия» программасы боюнча жазган илимий ишин презентация кылып, эл аралык конференцияга ийгиликтүү катышты.
- Медербек кызы Мырзайым академиялык мобилдүүлүк алкагында окуу жайдын ички жана сырткы материалдык базасы менен таанышып чыкты.
Нарын медициналык колледжинин администрациясы
Талдыкоргон жогорку медициналык колледжине
жогорку деңгээлде уюштурулган иш-чара, жылуу маанай жана студенттерибизге эл аралык деңгээлде тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн терең ыраазычылык билдирет!
Биз студенттерибиз менен сыймыктанабыз!
Алга, НМК!