ЭС АЛУУДАН ЭПКИНДҮҮ ЭМГЕККЕ!
НМКнын 6 окутуучусу, 1 техникалык кызматчысы жана 1 админстративдик кызматкери кесиптик бирликтин (профсоюз) мүчөлүк акы фондунун эсебинен толук каржыланып, 8-9-июнь күндөрү Казакстандын Алма-Ата шаарына тур менен барып эс алып келишти. Эсте каларлык эс алууну Fun-trip туристтик компаниясы жогорку деңгээлде уюштуруп берди. Алгач эле 2500дөн ашык түрдөгү жаныбарларга камкордук көрүлгөн Алма-Атанын белгилүү зоопаркы ажайып турдун көркүн ачты. Эбегейсиз аянтты ээлеген М.Горький атындагы парк, “Достук”, “Мега” соода комплекстери, Нур-Тау айнек шаары, атактуу “Медео”, жаратылыш койнундагы Шум-Булак. Көк-Төбенин чокусунан Алма-Атанын панорамасы алакандай салгандай көрүнүп, Ала-Тоонун аскар тоолорун элестетти. Айтматовдун “Бороондуу бекетиндегидей” катар-катар станцияларга алып жөнөгөн метро менен экспресс-поезддер аркылуу жер астындагы шаардын жашоосун көргөнгө да мүмкүнчүлүк болду. Эс алуудан кийин боордош элдин эски баш калаасы жапжашыл шаар жана жаңы көп кабаттуу асман тиреген үйлөрү менен жан-дүйнөгө жагымдуу таасирлерди калтырды. Ошентип “Мейманчылаган жакшы, бирок мед.колледжибизде андан жакшы”-деген эс алуучулардын тамаша-чыны аралаш сөздөрү менен өзгөчө эмоциялардын толкунунда туулган жерге карай сапар уланды.