14.12.2021-ж, Нарын медициналык колледжинде Акушерство сабагынын окутуучусу Абдыразакова Ж.Д. тарабынан 2-МИ б тайпасынын 2-кичи тайпасына “Гинекология” сабагы боюнча “Гинекологиялык бейтаптарды консервативдик дарылоо усулдары” деген темада сабак өтүлдү.
Бул сабакта студенттерге
-консервативдик дарылоонун түрлөрүн(антибактериа лдык, гормоналдык, иммундук дарылоо), -гинекологияда кеңири колдонгон жергиликтүү дарылоо( жыныс кынына тыгындарды коюу, жыныс кынынын жууп тазалоо, жыныс кынына свечаларды салуу),
-жергиликтүү дарылоодогу каршы көрсөткүчтөр (жыныс кынынан кан келүү, акушердик кан келүү, ириңдүү курч кармаган сезгенүү оорулары) боюнча окутуучу тарабынан демонстрацияланып, кеңири маалымат берилди.