Ишембилик
НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ ИШЕМБИЛИК ӨТКӨРҮЛДҮ
Кечээ, 25-апрелде, Нарын медициналык колледжинде ишембилик өткөрүлдү. Иш-чарага эмгек жамааты жана студенттер активдүү катышышты.
Колледждин кызматкерлери окуу жайдын айланасын тазалап, короону ирээтке келтиришти. Алар таштандыларды жыйнап, арыктарды тазалап, жашыл аянттарды тартипке салышты.
Ал эми студенттер Ж. Акималиев атындагы сейил багында ишембилик өткөрүп, ал жерди ар түрдүү таштандылардан тазалашты. Жаштар экологиялык маданиятты жайылтуу максатында бул иш-чарага жигердүү катышышты.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгынын негизинде – “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдарда тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча иш-аракеттер планы”нын алкагында уюштурулду.
#тазаНарын #ишембилик #Нарынмедколледж