Menu Close

КР ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ ДЕПАРТАМЕНТИНИН ТАРАБЫНАН НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ КҮБӨЛҮК, АЛТЫН ЖАНА КҮМҮШ ТӨШ БЕЛГИЛЕРИ  ТАПШЫРЫЛДЫ.

Бүгүн, 28-апрелде Кыргыз Республикасынын калкынын дене бой жактан даярдоо боюнча нормативдик талаптарды аткаргандыктары үчүн КР дене тарбия жана спорт Департаменти тарабынан Нарын медициналык колледжинин кызматкерлерине күбөлүк, алтын жана күмүш төш белгилери  тапшырылды.

Иш-чаранын соңунда Нарын медициналык колледжинин директору Арпачиева Тологул Батыркановна   уюштуруучуларга жалпы катышуучулардын атынан ыраазычылыгын билдирип, каалоо-тилегин айтып өттү.