КР саламаттык сактоо министрлигинин адам жана ресурстарды тейлөө башкармалыгынын башчысы Бообекова Айгүл Абдрахманова жана Кыргыз медициналык ассоциациясынын президенти Тилеков Эрнис Абдышевич Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө саламаттык сактоо кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү.
Иш сапарынын алкагында Нарын медициналык колледжинин окуу процесси жана материалдык- техникалык базасы менен таанышып, аталган колледждин дарегине жылуу сөздөрүн айтып, ыраазычылык билдирип кетишти.