КЫРГЫЗСТАНДАГЫ МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖДЕРДИН ОРТОСУНДАГЫ АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК НАРЫНДАН БАШТАЛДЫ.
КЫРГЫЗСТАНДАГЫ МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖДЕРДИН ОРТОСУНДАГЫ АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК НАРЫНДАН БАШТАЛДЫ.
2022-жылдын 1-3 – июнь күндөрү
КР Президентинин “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында ” Дени сак адам- өнүккөн өлкө” улуттук программасын аткаруу жана
Кыргызстандагы медициналык колледждердин ортосундагы академиялык мобилдүүлүк боюнча келишимдин негизинде 7 дубандын медициналык колледждеринин жетекчилери, окутуучулук курамдын мүчөлөрү тажрыйба алмашуу максатында иш сапарын Нарын медициналык колледжинен башташты . Алгачкы күнү колледждин материалдык- техникалык базасы, бардык бөлүмдөрдүн иш-кагаздары, ошондой эле аккредитация боюнча даярдыктары менен таанышышты.
Экинчи күнү “Кыргызстандагы медициналык колледждеринин ассоциациясынын” волейбол оюунунун ачылыш аземи болду. Иш- чарага КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн башкы адиси С.К. Эсенаманова , Нарын шаарынын вице-мэри Н.Жумакадырова, Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоцациясынын төрагасы Ө.Станбаев, Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын кызматкерлери, 7дубандан келген колледждин жетекчилери катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Колледждин директору Т.Б. Арпачиева “Өз ден- соолугубузга кам көрүү менен достугубуз, биримдигибиз чыңалып, биргеликте жетишкендиктерди жараталы” деген оюн айтып, мелдештин катышуучуларына ийгилик каалап өттү.
Мелдеш жогорку деңгээлде өтүп, 1-орунду Нарын медициналык колледжи, 2- орунду Ош мамлекеттик университетинин алдындагы медициналык колледжи, 3-орунду Ош медициналык колледжи ээледи.
Ошол эле күнү тажрыйба алмашуу максатында Нарын медициналык колледжинин “жалпы билим берүү кошуунунун” мугалими Бокоев Нарынбек тарабынан ” Улут лидери- Жусуп Абдырахманов” деген темада шаарыбыздын ” жаштар ордосунда” ачык-тарбиялык саат өтүп, келген конокторго тартуулашты. Иш-чара жогорку деңгээлде өттү.
Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоцациясы мындай иш-чараны улантууну макулдашып, кийинки кезек Бишкек медициналык колледжине берилди.