Бүгүн 22.01.2022-ж, Нарын шаарындагы №4 Э.Ибраев атындагы орто мектептин спорт залында мекемелер арасында 35 + жаштан жогорку эжелер, 50 + жаштан жогорку агалар аралаш( MIX) волейбол оюну уюштурулду.
Жалпы 6 команда катышып, мелдеш жогорку деңгээлде , кызыктуу өтүп, соңунда:
1-орун- Абдрай Ата
2-орун- Мед колледж
3-орун- Достук
4-орун- Маданият командалары жеңишке ээ болушту.
Жеңишке жетишкен командаларга акчалай сыйлыктар тапшырылды.