МЕЗГИЛ ЖАНА АЛЫКУЛ
12-декабрь — Улуттук адабият күнү. Бул күн улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана кыргыз адабиятынын залкарларын эскерүүгө арналган. Ушуга байланыштуу Нарын медициналык колледжинде “Мезгил жана Алыкул” аттуу поэзия кечеси өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” жарлыгынын алкагында уюштурулуп, улуттук баалуулуктарды жайылтууга жана жаштардын руханий-маданий өсүүсүнө өбөлгө түзүүнү көздөдү.
Бул иш-чараны Нарын медициналык колледжинин китепканачылары Артыкбаева Жылдыз жана Камазбекова Жыпара демилгелеп, Нарын облустук С. Орозбаков атындагы китепкана менен тыгыз кызматташтыкта уюштурушту. Мындан сырткары, С. Орозбаков атындагы китепкананын өкүлдөрү Тагаева Бейшегүл жана Абдыбек кызы Жазгүл да катышып, иш-чаранын алкагында Алыкул Осмоновдун чыгармалары боюнча китеп көргөзмөсүн уюштурушту.
Кечеде кыргыз поэзиясынын чолпон жылдызы Алыкул Осмоновдун өмүрү жана чыгармачылыгы эскерилип, анын чыгармачылыгынын өзгөчөлүктөрү баса белгиленди. Ошондой эле, иш-чаранын коногу катары Нарын мамлекеттик университетинин студенти, жаш акын Кутман Каныбек уулу чакырылып, өз чыгармаларынан окуп, куттуктоо сөзүн айтты.
Бул поэзия кечеси улуу инсандардын чыгармачылыгын даңазалоо менен бирге, жаш муундун адабиятка болгон кызыгуусун арттырууга жана улуттук маданий баалуулуктарды жайылтууга чоң салым кошту.