Миң уккандан бир көргөн
Окуудагы жана коомдук иштердеги жетишкендиктери үчүн ыраазычылык билдирүү, шыктандыруу максатында борбор калаага саякаттоо уюштурулду.
Сапардын алкагында:
1. Медициналык билимимди улантам, дарыгер болом, деген студенттерибиз Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окуу шарттары, өзгөчөлүктөрү жана мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты. КММА учурдагы студенттери менен пикир алышышты.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгүн жеринде көрүшүп, мыйзам долбоорун талкулоо боюнча сессияга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
3. Ата-бабаларыбыздын баскан жолунан өрнөк алуу үчүн, Улуттук тарых музейине кирип чыгышты.
Сапарыбыз жаңы маалыматтарга бай, жагымдуу сезимдерге мол болуп, окуш керек деген ой менен аяктады.
Учурдан пайдаланып төмөндөгү инсандарга терең ыраазычылык билдиребиз!!!
Маңыздуу маалыматтар менен коштолгон кызыктуу экскурсия уюштуруп берген @КММА жетекчилигине,
Таласта элем, Тарых музейин көрсөтө кеткиле, балдарга таасирдүү болсун, деп каражатын которгон, ар дайым жакшы сөзүн айтып колдоп келген, биз сыйлаган агайыбыз @Мамбетасан Ибраевге
Кабагым-кашым дебей, кайда айда десек айдап, каприздерибизге чыдап, эң башкысы аман-эсен алып барып келген Мирлан байкеге.
ПС: Мындай иш-чараны салтка айлантып, жылда уюштуруу жагы каралууда.