Бүгүн 20.09.2021-жыл, “Эки Лингвист” ЖЧК дун директору Жумакадыров Элдос Бексултанович Нарын медициналык колледжинин студенттери менен жолугушуп Германияда медайымдарга легалдуу иштешине көмөк көрсөтүү боюнча кеңири маалыматтар берип өттү.
Нарын медициналык колледжинин усулчусу Орозова Айнура Токтосуновна тарабынан аталган коомдун өкүлдөрүнө Нарын медициналык колледжинин материалдык техникалык базасы менен тааныштырды.
Нарын медициналык колледжинин директору Арпачиева Төлөгүл Батыркановна “Эки Лингвист” ЖЧК дун директору Э. Б. Жумакадыров менен колледждин студенттерин чет өлкөгө жумушка орноштуруу жолдорун аныктоо жана тыгыз байланышта иш алып барууну сүйлөшүштү.