Бүгүнкү күндө Нарын медициналык колледжинин кызматкерлеринин эмгек өргүүсү аяктап, жаңы окуу жылына толугу менен ишке киришти.
Колледждин тренажердук, окуу бөлүмдөрүнө, подъезддер, коридорлор, жыйындар залында косметикалык ремонт иштери жүргүзүлдү.
Окутуучулар E bilim порталына ОМК, портфолио, лекцияларын жүктөп, жаңы окуу жылына кызуу даярдык көрүшүүдө.
Колледждин кызматкерлеринин
86 пайызы коронавируска каршы эмдөөдөн өтүштү. Анын ичинен
48 адам- биринчи жана экинчи дозасы менен эмделген,
1 адам – жүрөгүнөн операция болгон;
4 адам – бала эмизет;
3 адам – мед.отвод.
Учурда өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алып, студенттерге билим берүүдө санитардык- гигиеналык талаптарды аткаруу иштери жүргүзүлүүдө.
Студенттердин билим алуусуна ыңгайлуу шарттардын баары түзүлүүдө.
Жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат.