03.02.2022-жыл, Нарын медициналык колледжинде 2021-жылды жыйынтыктоо отчёттук жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн башкы адиси Эсенаманова Салтанат Кадыровна жана колледждин эмгек жамааты катышты.
Жыйында Нарын медициналык колледжинин директору Т.Б. Арпачиева жыл ичинде жүргүзүлгөн иш аракеттердин жыйынтыктары, жетишкен ийгиликтер жана алдыдагы аткарылуучу милдеттер тууралуу баяндама жасады.
Колледждин жетекчисинин маалыматына ылайык
-акыркы 3 жылга алынган студенттердин билим сапаты боюнча кеңири маалымат берилди;
– өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу COVID-19 илдети менен күрөшүүдө санитардык талаптар аткаарылууда жана о.э жыл ичинде академиялык беделди жогорулатууда:
-Япония, Германия өлкөлөрүнө студенттерди жумуш менен камсыздоо максатында, ” “Два лингвиста” жана “Relationship” компаниялар менен кызматташуу келишимдер түзүлүп, студенттер окуу курстарына катышып жатышат.
-Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында медициналык колледждер арасында виртуалдык сабактар өтүлдү (Каракол, Өзгөн, Токмок)
-Нарын шаарынын БОСМ нин машыктыруучуларына, бала- бакча жана мектептин мед кызматкерлерине “Биринчи медициналык жардам көрсөтүү” боюнча теориялык жана практикалык окуу-семинарларды өткөрүү.
-Ошондой эле колледждин көйгөйлүү маселеси бул Нарын облусун врачтар менен камсыз кылуу максатында Нарын медициналык колледжин артыкчылык диплому менен аяктаган студенттедин арасынан мэрия, облустук өкүлчүлүктүн жолдомосу менен КММА окутуу маселесин көтөрүү сунушталды. С.К.Эсенаманова бул маселени чечүүнүн жолдору боюнча ой пикирин билдирди жана колледждин билим берүүгө түзүлгөн шарттары, материалдык- техникалык базасы жогорку деңгээлде экенин баалап, колледждин дарегине жылуу сөздөрүн айтып, ыраазычылык билдирип кетти.