Menu Close

Нарын медициналык колледжинде кыздар кеңешинин төрагасы Б.А. Темирканова тарабынан кыздар кенешмеси өткөрүлдү.

(23.09.2022) Нарын медициналык колледжинде кыздар кеңешинин төрагасы Б.А. Темирканова тарабынан кыздар кенешмеси өткөрүлдү.
Кеңешмеге бөлүм башчы Ү.Шырдакова, Психолог А. Артыкбаева, Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн БИИнын инспектору Саалаева М.Ү. жана колледждин 1-2-3-курстун студент кыздары катышты.
Кеңешмеде 2022-2023-окуу жылынын “Кыздар кеңешинин” иш мерчеми менен тааныштыруу, мүчөлөрүн шайлоо.
-Колледждин ички тартиби менен тааныштыруу,
– “Кыз баланы тарбиялоо” деген темада кыздардын жүрүм -туруму, тартиби, окуусу жөнүндө жана гигиеналык эрежелерди сактоо, ден соолукка байланыштуу маалыматтар, түшүндүрүү иштери айтылды.
Соңунда кыздар тараптан берилген суроолоруна жеткиликтүү жооп алынды.