Нарын медициналык колледжинде оңдоп түзөө иштери
Нарын медициналык колледжинин техникалык кызматкерлерден жалпы 10 адам эмгектенет. Анын ичинен: 1 техникалык коопсуздук боюнча инженер, 1 жыгач-уста, 1-электрик, 4 кызматтык жайларды тазалоочулар,3 кароолчу.
Чарба иштери бөлүмү тарабынан жыл сайын оңдоп түзөө иштери жүргүзүлүп келет.
Үстүбүздөгү жылдын июль-август айларында окуу бөлмөлөр, жыйындар жана конференциялык залдарына капиталдык ремонт иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле окуу жайдын тескей тарапта жайгашкан окуу бөлмөлөрүнө керамофарфоровый жылыткычтар кошумча орнотулду.