КРнын эл жазуучусу , “Манас эл” кыймылынын төрагасы Асан Жакшылыков, Маданияттын мыкты кызматкери Муса уулу Төлөбек, жаш манасчы Жолочиев Саид баштаган манасчылар Нарын медициналык колледжине дагы жолугушуу өткөрүшүп, мекемедеги кызматкерлерге кыргыз дөөлөттөрүнүн сап башында турган Манас эпостогу окуялардан баяндап, үзүндү айтып беришти.
Манасчылардын тобун Нарын медициналык колледжинин директору Арпачиева Төлөгүл Батыркановна кабыл алып, улуу “Манас” эпосун жайылтуу менен Кыргыздын улуу баалуулуктарын даңазалап, элибиздин рухун көтөрүп жүргөн манасчыларга терең ыраазычылык билдирди.