“Нарын жаштар кеңеши”, “Нарын жаштар күчү коомдук бирикмеси” жана “Жаш гвардия 3522” жаштар альянсы элибиздин руханий жана интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу, коомчулукту китеп окууга үндөө максатында уюштурулган “Китепкөй Нарын” долбооруна Нарын медициналык колледжинин 1-МИ тайпасынын студенти Кубатбекова Клара катышып, 1-орунду ээлегендиги үчүн бир жылдык тил курстарына бекер катышуу сертификаты, китептер жана акчалай сыйлык тапшырылды.