НМК студенттери – акыл таймашынын чемпиондору
Бүгүн Нарын облустук С. Орозбаков атындагы китепканасында кыргыз адабиятынын классик акыны Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган “Эмне? Кайда? Качан?” адабий-интеллектуалдык таймашы өттү. Иш-чаранын максаты – улуу акындын адабий мурасын жайылтуу, анын чыгармачылыгына болгон кызыгууну арттыруу жана жаштарды көркөм адабиятка жакындатуу болду.
Биздин Нарын медициналык колледжинин (НМК) командасы бул таймашка чоң даярдык жана жогорку деңгээлдеги билим потенциалы менен катышты. Студенттер акындын өмүр жолу, чыгармачылыгы, анын чыгармалары жана алган сыйлыктары боюнча берилген суроолорго так жана ыкчам жооп берип, интеллектуалдык дареметин далилдешти. Айрыкча, биздин команда кээ бир учурларда атаандаш команда жооп бере албаган суроолорго туура жооп берип, өз билимин жана тапкычтыгын көрсөтүп жатты.
Жыйынтыгында НМК командасы жеңишке жетишип, I даражадагы диплом менен сыйланып, шыктандыруучу мазмундагы китеп менен сыйланды. Бул биздин студенттердин билими, аракетчилдиги жана көркөм адабиятка болгон кызыгуусунун дагы бир далили. Алар өздөрүнүн жигердүүлүгү, так жана бачым жооптору менен таймаштын өзгөчөлөнгөн жылдыздары болушту.
Биздин жеңүүчүлөрдү кезектеги ийгилиги менен куттуктайбыз! Сиздердин эмгекчилдигиңиздер жана билимиңиздер НМКнын атын дагы бир жолу даңазалады!
#НарынМедКолледжи #АлыкулОсмонов110жыл #АдабийТаймаш #Жеңиш #БизСыймыктанабыз