Виртуалдык- академиялык тажрыйба алмашуу максатында медициналык колледждер менен түзүлгөн келишимдердин негизинде, бүгүн 7-сентябрда Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин “Жугуштуу оорулар” сабагынын окутуучусу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, жогорку категориядагы жугуштуу оорулардын доктору Хамидова Абида Хамидовна Нарын медициналык колледжинин
3- “Акушердик иши” адистигине “Сибирь жарасы” темасында аралыктан лекция окуп берди.
Иш-чаранын соңунда студенттер тема боюнча берген суроолоруна жеткиликтүү жоопторду алышты.
Катышуучулар онлайн лекциядан кеңири жана пайдалуу маалыматтарды алышкандыгын билдиришти.