Педагогикалык кеңешме
27-декабрь күнү Нарын медициналык колледжинде Педагогикалык кеңеш өттү, анын алкагында төмөнкү төрт маселе каралды:
1. Интеллектуалдык автордук иштелмелердин чыгышы:
Бул багытта колледжибиздин методисттери чоң иштерди жүргүзүп келишет. Атап айтканда, методист Орозова А.Т. тарабынан иштелип чыккан методикалык колдонмо патентке ээ болуп, бул жетишкендик менен автор куттуктоолорго ээ болду.
2. Кошумча билим берүү программаларынын ишинин абалы:
2022-жылдан тартып колледжде кошумча билим берүү программалары боюнча лицензия алынган. Алар:
•Медициналык массаж;
•Биринчи медициналык жардам;
•Диетология жана туура тамактануу.
2023-жылы “Медициналык массаж” программасы боюнча 104 бүтүрүүчү сертификаттарын алышкан. Алардын айрымдары азыркы учурда эмгек рыногунда ийгиликтүү иштеп жатышат. Бул курстарга студенттер жана каалоочулар катыша алышат. Сабактар 72 сааттык программа менен өтүлүп, анын жыйынтыгында үч тилдеги сертификаттар берилет. Педагогикалык кеңеште бул программалардын ийгиликтери жана алдыдагы пландар талкууланды.
3. Колледждеги окуу документацияларын жүргүзүү боюнча мониторинг:
Окуу иштери боюнча директордун орун басары Г.К. Ходжанова окуу процессине байланышкан документацияларга мониторинг жүргүздү. Журналдарды, жеке делолорду жана башка документтерди толтурууда айрым окутуучулардын каталары аныкталып, тийиштүү сунуштар берилди.
4. Колледждин академиялык бедели жана коомчулук менен байланыш боюнча иш-аракеттер:
Колледждин академиялык бедели боюнча талдоо жүргүзүлүп, аны жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштар айтылды. Ошондой эле коомчулук менен болгон иш-аракеттерди күчөтүү, социалдык тармактарда активдүүлүктү жогорулатуу боюнча пландар коюлду.