ПЕДАГОГИКАЛЫК КЕҢЕШМЕ
Педагогикалык кеңеш: жыйынтыктар жана келечекке карата пландар
30-август күнү биздин медициналык колледжде педагогикалык кеңеш өтүп, анда 2023-2024 окуу жылындагы негизги жетишкендиктер жана маанилүү маселелер талкууланды.
Кеңештин негизги бөлүгү — быйыл ийгиликтүү өткөн аккредитациянын жыйынтыктары болду. Аккредитациядан өткөн критерийлер талданып, алдыдагы беш жыл ичинде бул талаптарды ишке ашыруу жана жакшыртуу максатында конкреттүү милдеттер коюлду.
Директордун окуу бөлүмү боюнча орун басары өзүнүн отчетунда жетишилген ийгиликтерди жана аткарылган иштерди кеңири баяндады. Ошондой эле, кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы быйылкы окуу жылына кабыл алынган студенттер тууралуу маалымат берди.
Кеңештин соңунда, алдыдагы окуу жылында колледждин ишинин сапатын жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча негизги максаттар жана милдеттер белгиленди.
Биз келечектеги адистерди жогорку деңгээлде даярдоо үчүн билим берүү процессин үзгүлтүксүз өркүндөтүүнү уланта беребиз!