Menu Close

“Сестралык иштин негиздери” сабагынын окутуучусу Медерова Роза Ракыпбековна Нарын медициналык колледжинин студенттерине аралыктан лекция окуп берди.

Виртуалдык- академиялык тажрыйба алмашуу максатында медициналык колледждер менен түзүлгөн келишимдердин негизинде, бүгүн 6-сентябрда Токмок медициналык колледжинин “Сестралык иштин негиздери” сабагынын окутуучусу Медерова Роза Ракыпбековна Нарын медициналык колледжинин
1- “Дарылоо иши” адистигине “Бейтаптын өздүк гигиенасын сактоо.Оюлуу жана оюлууну алдын алуу” темасы боюнча аралыктан лекция окуп берди. Катышуучулар онлайн лекциядан кеңири жана пайдалуу маалыматтарды алышкандыгын билдиришти.