2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 470 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмунун студенттерин которуу, кайра кабыл алуу, окуудан чыгаруу жана аларга
академиялык өргүү берүү тартиби жөнүндө
ЖОБО
Бул, Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмунун студенттерин которуу, кайра кабыл алуу, окуудан чыгаруу жана аларга академиялык өргүү берүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 “Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө жобонун жана кесиптик орто билим берүүчү уюмдардын ишин жөнгө салуучу башка нормативдик укуктук актылардын негизинде иштелип чыккан.
1. Жалпы жоболор
- Бул жобо:
– студенттерди кесиптик орто билим берүүчү бир окуу жайдан башка окуу жайга же орто кесиптик билим берүүчү окуу жайдын негизги окуу программасынан башка окуу программасына, анын ичинде окуу жайдын ичинде которуунун, ошондой эле окуудан чыгаруунун, кайра кабыл алуунун тартибин белгилейт;
– кесиптик орто билим берүүчү окуу жайларда (же жогорку окуу жайлардын орто кесиптик билим берүүчү негизги кесиптик окуу программасын ишке ашыруучу бөлүктөрүндө) орто кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүүчү программасында окуп жаткан студенттерди окуудан чыгарууга, кайра кабыл алууга жана окуу жайга (жогорку окуу жайдын кесиптик орто билим берүүнүн кесиптик негизги билим берүүчү программаларын ишке ашыруучу бөлүгүнө) которууга карата колдонулат;
– академиялык өргүү берүүнүн тартибин аныктайт.
- Бул жобо, эгер студент которулуп жаткан окуу жай (мындан ары баштапкы окуу жайы) жана студент которулуп барчу окуу жай (мындан ары кабыл алуучу окуу жайы) мамлекеттик аккредитациясы (аттестациясы) бар болсо, окуу жайлардагы студенттердин которулуу жол-жобосун жөнгө салат.
- Бардык окуу жайларда, окуу жайдын уюштуруу-укуктук түзүлүшүнө (ведомстволук тиешесине же менчиктин формасына, карабастан студенттерди биринчи жана акыркы курстарда которууга жана кайра кабыл алууга жол берилбейт.
Эгер студенттин ишкана, мекеме, уюм же жеке жак менен түзгөн келишими бар болсо, анда анын башка окуу жайына которуудан же бир адистиктен башка адистикке которуудан мурда келишим өзгөртүлүшү керек.
- Студентти кесиптик орто билим берүүчү бир окуу жайдан экинчи бир окуу жайга которуу же окууга кайра кабыл алуу, эреже катары, жайкы жана кышкы каникул учурунда жүргүзүлөт.
Студенттерди баштапкы окуу жайдан кабыл алуучу окуу жайга которуу процессинде алардын жетекчилери студенттерден бюджетте окугандык үчүн акы төлөөнү талап кылбашы керек.
Студенттерди ошол эле окуу жайда бир адистиктен башка адистикке, окутуунун бир формасынан башка формасына которуу жана кайра кабыл алуу окуу жайдын педагогикалык кеңешинин чечими менен ишке ашырылат.
- Студенттерди мамлекеттик эмес бир окуу жайдан мамлекеттик эмес экинчи бир окуу жайга которуунун жана окууга кайра кабыл алуунун тартиби алардын уставдарына жана ушул Жобого ылайык аныкталат.
- Акы төлөө негизинде окуган студенттерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен (гранттар боюнча) орундарга которууга болбойт.
2. Которуунун жана кайра кабыл алуунун тартиби
- Студенттерди которуу студенттин өзүнүн каалоосу менен, сынак китепчесинин көчүрмөсүн кароо, аңгемелешүү же кабыл алуучу окуу жай аныктоочу башка формада өткөрүлгөн аттестациянын жыйынтыгына жараша, бош орундарга ишке ашырылат.
Студент аттестациялык сыноодон өтүү үчүн кабыл алуучу окуу жайга аны кабыл алуу жөнүндө өзүнүн атынан арыз жазып, сынак китепчесинин көчүрмөсүн кошуп тапшырат. Арызда студент которулгусу келген курс, адистик, окутуунун формасы жана базасында студент кесиптик орто билим алып жаткан баштапкы билим берүүчү окуу жай көрсөтүлөт.
Эгерде бош орундардын саны которулууну каалаган студенттер берген арыздардын санынан аз болсо анда, кабыл алуучу окуу жай окууну улантуучу жакшы даярдыктагы адамдарды тандоо үчүн аттестациялык сыноо жыйынтыгына жараша конкурстун негизинде тандоо жүргүзөт.
- Студентти которууда аны баштапкы окуу жайда окуган адистикке жана окуу түрүнө которууга болот, ошондой эле, башка дагы тектеш адистикке жана (же) башка окуу түрүнө которууга болот.
- Бюджеттик каражаттын эсебинен каржыланчу орунга которгондо студенттин жалпы окуу мөөнөтү кабыл алып жаткан окуу жайдын адистик боюнча негизги кесиптик окуу программасынын окуу планында белгиленген мөөнөттөн бир окуу жылдан ашпоого тийиш.
- Бюджеттик каражаттын эсебинен каржыланчу бош орундардын саны ошол жылдагы кабыл алуунун контролдук цифралары менен бюджеттик каражаттын эсебинен окуп жаткан студенттердин санынын ортосундагы айырма катары аныкталат.
Эгер бюджеттик каражаттын эсебинен каржыланган бош орундар бар болсо, анда кесиптик орто окуу жай бюджеттик каражаттын эсебинен окуп жаткан студентке жеке жана юридикалык жактар менен келишимдин негизинде акы төлөп окууга которулууну сунуштаганга укугу жок.
- Которулуу маселеси аттестациялык сыноонун жана конкурстук тандоонун жыйынтыктарында ийгиликтүү чечилсе кабыл алуучу окуу жай студентке ушул Жобонун тиркемесине көрсөтүлгөн формадагы маалымкат берет.
Студент бул маалымкатты баштапкы окуу жайына тапшырат, ошондой эле башка окуу жайга которулуп жатканына байланыштуу окуудан чыгаары жана академиялык маалымкат берүүсүн жана кесиптик орто билим алып жатышына негиз болгон билими тууралуу күбөлүктүн түп нускасын берүүсүн суранып арыз (мындан ары – билими тууралуу күбөлүк) берет.
Тапшырылган документтердин негизинде баштапкы окуу жайдын жетекчиси арыз берилген күндөн тартып 10 күндүн ичинде студенттин окуудан чыгарылуусу жөнүндө төмөнкү үлгүдө буйрук чыгарат:
“_________________________________________________________________
(билим берүүчү уюмдун аталышы)
которулганына байланыштуу окуудан чыгарылды”.
Мында студентке билими тууралуу күбөлүктүн түп нускасы (өздүк делосунан) жана белгиленген үлгүдөгү академиялык маалымкат берилет. Бул документтерди буларды алууга белгиленген формадагы ишеним каты бар адамга берсе болот.
Студент студенттик белетин жана сынак китепчесин өткөрөт.
Студенттин өздүк делосунда билими тууралуу күбөлүктүн, академиялык маалымкаттын билим берүүчү уюм ырастаган көчүрмөлөрү, которулганына байланыштуу окуудан чыгарылганы жөнүндө буйруктун көчүрмөсү, студенттик белети жана сынак китепчеси калат.
- Студент окуу жайга билими тууралуу документин жана академиялык маалымкатты тапшырат. Мында аттестация үчүн берилген сынак китепчесинин жана академиялык маалымкаттын дал келүүсү текшерилет.
Ушул документтер тапшырылгандан кийин кабыл алуучу окуу жайдын жетекчиси студенттин которулуп келгени жөнүндө буйрук чыгарат. Документтер алынганга чейин кабыл алуучу окуу жайдын жетекчиси студентти өзүнүн көрсөтмөсү менен сабактарга киргизүүгө укугу бар.
Которулганы тууралуу буйрукта төмөнкүдөй жазуу жазылат:
“_______________________________________________________ которулуп
(окуу жайдын аталышы)
келүү менен ________________________________________________ адистигине
(адистиктин аталышы)
орто кесиптик билим берүүнүн ______________________________ деңгээлинде
(базалык, жогорку)
окуунун ______________________ формасына ________ курска кабыл алынды”.
Кабыл алуучу окуу жайда студенттин өздүк делосу ачылып, каттоого алынат, анда которуу менен кабыл алуу жөнүндө арызы, академиялык маалымкаты, билими тууралуу документи, которуу менен окууга кабыл алуу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү жана эгер студент акы төлөп окуй турган орунга которулса тийиштүү келишим да тиркелет.
Студентке студенттик белет жана сынак китепчеси берилет.
- Академиялык айырмаларды жоюуда, эгерде студент практика иши (окуулук, өндүрүштүк ж.б.) курстук долбоорлоо же башка сабактар боюнча тапшыра элек болсо, студент аны кийин жоюу шарты менен окууга кабыл алынат.
- Которууда жана окууга кайра кабыл алууда окуу жай окуу пландарындагы жана программаларындагы академиялык айырмаларды жоюу тартибин жана убакытын белгилейт.
- Студент ошол эле, буга чейин окуган негизги окуу программасына же ушуга тектеш окуу программасына которулганда төмөнкүдөй окуу программалардан айырмалар тапшырылат:
адистик боюнча мамлекеттик билим берүү стандартынын мамлекеттик компонентин берүүдө методикалык ыкмалардын айырмасына байланыштуу окуу планында болгон айырмалар;
– кесиптик орто окуу жай белгилеген сабактардан берилүүчү айырма.
- Студент негизги окуу программасына эле которулганда тапшырылчу сабактардын (академиялык айырманы жоюунун) саны, эреже катары, жети сабактан ашпоого тийиш.
- Студент которулуп кетип жаткан коождо өзүнүн тандоосу боюнча окуган сабактарды окуу жай кошумча аттестациясыз зачет кылат.
- Кесиптик орто окуу жайдан окуудан чыгарылган студенттер чыгарылган себебине жана жылына карабастан академиялык карызын кийин жоюу менен кайра окууга кабыл алынууга укуктуу.
- Студенттерди бир кесиптик орто окуу жайдан экинчи бир кесиптик орто окуу жайга кайра калыбына келтирүү аттестациялык сыноонун жыйынтыгына жараша коождун жетекчисинин буйругу менен бош орундарга ишке ашырылат. Мында кайра кабыл алуу жөнүндө арызга билими тууралуу күбөлүк жана академиялык маалымкат кошо тиркелет.
3. Студенттердин окуудан чыгарылышы
- Студенттин окуу жайдан төмөнкүдөй чыгарылышы мүмкүн:
– өз каалоосу менен;
– башка окуу жайга которулганына байланыштуу;
– ден соолугуна байланыштуу;
– академиялык жетишпегендиктен (кышкы жана жайкы сессиянын жыйынтыгына жараша);
– келишимдин шарттарын бузганда (акы төлөп окугандар үчүн);
– окуу жай менен байланышы үзүлсө;
– окуу жайдын уставын бузганда;
– окуу жайдын ички тартибин бузганда;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузганда.
- Студенттин өз каалоосу менен окуудан чыгышы, студент арыз берген күндөн тартып бир айдан ашпаган мөөнөттө ишке ашырылат.
- Академиялык жетишпегендиги үчүн төмөнкүдөй студенттер окуудан чыгарылат:
– сессияда үч же андан ашык сабактан экзаменди тапшырбаса;
– академиялык карыздарын белгиленген мөөнөттө жойбосо;
– мамлекеттик аттестациялык экзамендин биринен канааттанарлык эмес деген баа алса.
- Студентти коождун уставында жана окуу жайдын ички тартибинин эрежелеринде белгиленген милдеттерди бузганы үчүн окуудан чыгаруу андан түшүнүк кат алгандан жана кызматтык иликтөө иштери жүргүзүлгөндөн кийин ишке ашырылат.
Студентти окуудан чыгарууга чейин тартиптик жазалоо, студент ооруп калган жана (же) каникулда болгон убактарды эсепке киргизбестен анын жосуну билинген күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен ишке ашырылат.
- Студентти окуу жайдан чыгарып жатканда ага өздүк делосундагы билими тууралуу документинин түп нускасы берилет да, делосунда академиялык маалымкаттын окуу жай күбөлөндүргөн копиясы калат.
Академиялык маалымкат катуу отчеттук иш кагаз болуп эсептелет жана берип жатканда каттоого алынат.
4. Академиялык өргүү
- Академиялык өргүү – бул кесиптик орто билим берүүчү уюм тарабынан студентке ден соолугуна, бала төрөлгөнүнө, аскерге чакырылганына байланыштуу жана үй-бүлөлүк шартына, окуусун улантууга мүмкүн болбогон башка шарттарга, а.и. өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу берилчү өргүү.
Биринчи курстун студенттерине академиялык өргүү медициналык корутунду боюнча гана берилет.
- Академиялык өргүү бир жылдык (12 календардык ай) мөөнөткө жана окуу мезгилинин ичинде бир жолу гана берилет.
- Студентке медициналык көрсөткүчтөрү боюнча академиялык өргүү берүү мүмкүндүгү жөнүндө корутундуну студент туруктуу кароосунда турган жердеги мамлекеттик саламаттык сактоо мекемеси, анын ичинде студенттик поликлиника берет. Мында ооруунун диагнозу медициналык корутундуга пациенттин макулдугу менен гана жазылат. Студенттерди медициналык тейлөөнү саламаттык сактоо пункту тейлеген учурларда медициналык корутунду ушул саламаттык сактоо пункту структурасына кирген мамлекеттик саламаттык сактоо мекемеси берсе болот.
- Студентке академиялык өргүү берүү чечимин билим берүү уюмунун жетекчиси чыгарат. Мындай буйрук чыгаруунун негизи болуп:
– медициналык көрсөткүчтөр боюнча – студенттин арызы жана мамлекеттик саламаттык сактоо мекемесинин корутундусу;
– кээ бир өзгөчө учурларда – студенттин арызы жана академиялык өргүү алуунун себебин тастыктаган тийиштүү документ.
Медициналык-реабилитациялык эксперттик комиссиянын корутундусу бар болсо студент сөзсүз окууга киргизилиши керек. Мындайда студент кайсы семестрде окуудан кетсе, ошол семестрден баштап окуусун улантууга укугу бар.
Академиялык өргүүдөн келген студентти медициналык корутундуга ылайык окууга кабыл алынуусу тууралуу буйруктун негизи болуп, студенттин өз атынан жазылган арызы жана көрүнүп жүргөн жердеги мамлекеттик саламаттык сактоо мекемесинин корутундусу эсептелет.
- Бюджеттик каражаттын эсебинен окуп жаткан чет өлкөлүк студенттерге академиялык өргүү берүүнүн тартиби жана шарттары өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык макулдашуулардын шарттарына ылайык аныкталат.
Келишимге ылайык акы төлөп окуган чет өлкөлүк студенттерге академиялык өргүү берүүнүн тартиби жана шарттары келишимдин шарттары менен аныкталат.
Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмунун студенттерин которуу, кайра кабыл алуу, окуудан чыгаруу жана аларга академиялык өргүү берүү тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
Кесиптик орто окуу
жайдын бурчтуу
штампы
Берилген күнү
жана каттоо номери
МААЛЫМКАТ
Берилет __________________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты (толугу менен)
өзүнүн атынан жазылган арыздын жана сынак китепчесинин негизинде ______ _______________________________________________________________________
(сынак китепчесинин берилген күнү жана катталган номери)
______________________________________________________________ берилген
(сынак китепчесин берген окуу жайдын толук аталышы)
аттестациялык сыноолордон ийгиликтүү өттү жана ________________________ _______________________________________________________ адистиги боюнча
(адистиктин аталышы)
кесиптик орто билим берүүчү негизги программада билим алуусун улантуу үчүн билими тууралуу документин жана академиялык маалымкатын тапшыргандан кийин которуу жолу менен окууга кабыл алынат.
Жетекчи _________________________ (колу)