СТУДЕНТТЕРДИН ӨЗ АЛДЫНЧА ИШИ
(23.11.2022) Нарын медициналык колледжинин тажрыйба иштери боюнча директордун орун басары Дүйшөнбиева Гүлкайыр Султакеевна тарабынан “Студенттердин өз алдынча иши” бөлмөсүндө колледждин окутуучуларына эки күндүк презентация өтүлдү.
Өткөн жылы тажрыйба бөлүмү тарабынан студенттердин өз алдынча иши боюнча конкурс жарыяланып, 1- этабы өткөрүлгөн.
Аталган конкурс боюнча иш алып баруу улантылып, үстүбүздөгү окуу жылында клиникалык предметтер боюнча конкурстук негизде “Студенттердин өз алдынча иши” боюнча макет, муляж, альбом ж.б даярдалып, презентация жүргүзүлдү.