(21.04.2022) Нарын медициналык колледжинде 1-2- курстар арасында “Студенттердин өз алдынча иши” аттуу олимпиаданын экинчи этабы болуп өттү.
Олимпиаданын шарты боюнча анатомия жана фармакология сабактарынан ар бир тайпаларга темалар бөлүнүп берилген. Берилген тапшырмалар боюнча студенттер чыгармачылык менен жогорку деңгээлде, жоопкерчиликтүү даярданышкан.
Конкурсту баалоо үчүн Нарын шаарындагы стейкхолдерлер: Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын медайымдык иш боюнча директордун орун басары Н.Т.Мидинова жана инфекциондук көзөмөл адиси Б. Исраилова катышып, студенттердин өз алдынча иштерине жогорку баа беришти.
Жыйынтыгында 1-курстар арасында 1-орунду 1-“дарылоо иш”, 2-орунду 1- “медайымдык иш” , 3-орунду 1-“акушердик иш” тайпалары ээ болушса, 2-курстар арасында 1-орунду 2-“дарылоо иш”, 2-орунду 2- “медайымдык иш” , 3-орунду 2-“акушердик иш” тайпалары ээ болушуп, грамота жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.