СЫНАКТА СЫНАЛГАНДАР
Нарын медициналык колледжиндеги мамлекеттик экзамендин жыйынтыгы
Бүгүн Нарын медициналык колледжинде “Дарылоо иши” тайпасынын 4-курс студенттери үчүн мамлекеттик экзамендин практикалык бөлүгү ийгиликтүү аяктады. Экзамендин максаты – студенттердин теориялык билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн баалоо.
Экзаменге 4ДИ бюджеттик жана контракттык тайпалары катышты: 25 студент бюджеттик негизде, 14 студент контракттык негизде билим алышат.
Экзамен дисциплиналар аралык түрдө өтүп, төмөнкү негизги сабактар камтылды:
•Педиатрия
•Терапия
•Хирургия
•Анатомия
•Фармакология
•Жугуштуу оорулар
•Сестралык иштин негиздери
•Үй-бүлөлүк медицина
Бир жума мурда студенттер теориялык бөлүгүн тест аркылуу тапшырышкан. Ал эми бүгүн практикалык көндүмдөрүн көрсөтүштү. Жалпы баалоодо практикалык тапшырмаларга өзгөчө көңүл бурулду.
Экзамен учурунда комиссиянын төрагасы Асаналиев Самат Таалайбекович студенттердин логикалык ой жүгүртүүсүн мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарын билдирди.
Ошондой эле окуудагы ийгиликтери жана коомдук иштерге кошкон жигердүү салымдары үчүн айырмаланган студенттер грамоталар менен сыйланышты.
Студенттер экзаменге жакшы даярданышып, өз билимдерин жана көндүмдөрүн жогорку деңгээлде көрсөтө алышты.
Бардык студенттерди жана экзаменди уюштуруучуларды ийгиликтүү аяктаган иш-чара менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
#НарынМедКолледж #Мамэкзамен #ДарылооИши #СыймыктууСтуденттер