Окуу жайга тапшырууда берилүүчү жеңилдиктер:

Эгерде тесттик иштин жыйынтыгы жалпы негизде тапшырган абитуриенттин өтүү баллы менен бирдей болгон учурда, төмөнкүлөр:

1.Тоголок жетимдер (18 жашка чейинки).

2. I, II группадагы майыптар (медициналык корутундунун негизинде окууга жарактуу деп  табылган   абитуриенттерге).

Нарын медициналык колледжине тапшыруу үчүн  төмөнкү документтер талап кылынат:

1.Колледждин директорунун наамына жазылган абитуриенттин арызы.

2.Орто билими тууралуу аттестат.

3.086/У формасындагы медициналык справка  жана  флюрографиянын  сүрөтү.

4.3х4 өлчөмүндөгү 6 түстүү сүрөт.

5.Паспорт

6.Аскерге чакырылуучулар үчүн катталуу күбөлүгү.

Биздин дарек:

Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Нарын шаары, Сагынбай Орозбак көчөсү №34,

Ишеним телефон

(0-35-22) 5-17-46