Улууларга кам көрүү
«Улууларга көңүл буруу жана кам көрүү» айлыгы жыйынтыкталып, аталган кайрымдуулук иш-чарасы 1 жумага созулуп, натыйжада Нарын шаары боюнча 20 адам камтылды.
НМКнын 4-курсунун “Дарылоо иши” тайпасынын студенттери жигердүү катышып, белек-бечкектер алынган каражаттардын жалпы суммасы 10 миң сомду түздү. Ден соолукка кам көрүүдө мезгил-мезгили менен кан басымын ченеп туруу жана кандын курамындагы канттын деңгээлин текшерүү да маанилүү болгондугун баса белгилеп кетүүгө болот. ❤
Дагы бир жолу берешендиктин өрнөгүн көрсөткөн демөөрчүлөрүбүз “Нарынбек” соода дүкөнүнө жана “Ализа Бек”эмерек цехине терең ыраазычылык билдирүү менен, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалап, таман акы, маңдай тери менен тапкан кирешелерине береке тилейбиз
#УлууларгаКамКөрүү #СоциалдыкАкция #МедициналыкКолледж #Студенттер #ДенСоолук #Колдоо