Menu Close

Урматтуу студенттер, ата-энелер!

Урматтуу студенттер, ата-энелер!
Нарын медициналык колледжинин 2020-жылдын 14-мартындагы Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустун жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт берүү боюнча КР Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык 16-марттан-8-апрелге чейин мөөнөтүнөн мурда каникул жарыяланды. Каникул мезгилинде студенттер үчүн өз алдынча иштөө пландаштырылып жатат. Сабактар боюнча тапшырмаларды Нарын медициналык колледжинин сайтындагы nmk.org.kg “Студенттер үчүн” деген бөлүгүндө жана ар бир WhatsApp, Facebook тайпаларына жайгаштырылат. Ата-энелер тарабынан суроолор болсо администрацияга кайрылыңыздар. Байланыш телефондор: 03255 5 17 46 , 5 17 48. Студенттер кураторлорго жана сабак берген окутуучуларга кайрылыңыздар.