ЮСАИД эл аралык уюму тарабынан каржыланып, MSDSP KG коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан демилгелүү жаштар долбоорунун алкагында, “Мүмкүнчүлүк” коомдук уюму тарабынан колго жасалган санитайзерлер жасалып, ковидди алдын алуу максатында коомдук, окуу жайларга анын ичинен Нарын медициналык колледжине санитайзерлер бекер берилген.
Бүгүн 17.09.2021-жылы, “Мүмкүнчүлүк” коомдук уюму Нарын медициналык колледжине келип студенттерге санитайзерди колдонуу эрежелерин көрсөтүп беришти. Аталган коомдук уюмга колледждин атынан ыраазычылык кат берилди.