Menu Close

Жалпы билим берүү кошуунунда 11-майдан 16-майга чейин тарых, философия, математика, англис тили, экология, дене тарбия, сабактары тизимге жараша өз учурунда өтүлдү.

Сабактарда лекциялык материалдар, сүрөттөр, видео сабактар, презентациялар ошондой эле теманы бышыктоодо тест, карточка, кроссворддор колдонулуп жатат.Студенттердин билимин текшерүү , тест контролдук суроолор аркылуу видеобайланыш жана үн байланыш аркылуу жүргүзүлүп жатат.Ар бир мугалим өзүнүн билиминин негизинде сабактын жүрүшүн жакшыртуга мүмкүнчүлүк түзүп, студенттер менен тыгыз байланышта болууга аракеттерди кылышууда. AVN системасында русский язык, тарых, математика, информатика, англис тили боюнча УМК жүктөп жатышат жана студенттерге AVN де лекциялык материалдарды берип, тесттик тапшырмаларды берип, практикалык сабактарда контролдук суроолор жиберилип, студенттер сырткы сервер аркылуу тапшырмаларды алып аткарышууда. 2-жарым жылдыкта окуу программага ылайык сабактар аяктап калгандыгына байланыштуу СРС тер, модулдар өз учурунда алынууда. СРС терди студенттер темага жараша реферат, слайд, оозеки түрүндө тапшырып жатышат. Окутуучулар AVN дин базасына СРС тин, модулдун, күнүмдүк контролдук текшерүүнүн баллдарын киргизип жатышат.