Menu Close

ЖМК 11.05 -16.05.20ж. чейин аралыктан сабак берүү боюнча мониторинги. сабактар тизим боюнча өз убагында өтүлүп жатты. Ар бир окутуучу сабактарды жоопкерчилик менен кызыктуу кылып өтүүгө аракеттерди көрүшүүдө.

Бул жумада фармакология, анатомия, дени сак, мед. генетика,жугуштуу оорулар сабактары өтүлүп жатты. Сабактарды өтүүдө баардык окутуучулар студенттердин билим деңгээлин текшерүүдө видеобайланышка чыгып жатышат, ал эми сабакты бышыктоодо, стандарттар менен иштөөдө видео материалдар, үн байланышты колдонуу, тестирлөө ыкмалары кеңири колдонулуп жатты. Сабакка болгон студенттердин жоопкерчилиги күндөн күнгө артып жата деп айтсак болот,берилген тапшырмага изденүү менен мамиле кылышууда, сабакты себепсиз калтырган студенттер дээрлик жокко эсе. Баардык окутуучулар сабактары аяктап калгандыгына байланыштуу модулдун, СРСтин тапшырмаларын студенттерге беришүүдө. Модуль алууда видеобайланыш аркылуу суроо жооптор берилип, тест, рецепт, ситуациялык маселелер, ошондой эле AVN системасы аркылуу дагы айрым окутуучулар тарабынан тапшырмалар берилип, модул алынууда. СРС ти студенттер өз калоолору боюнча тест, реферат, кроссворд, доклад, карточка, суроо жооп түзүү менен тапшырууда. Ошондой эле окутуучулар AVN системасына темага ылайык мультимедиялык презентацияларын, ОМКин, студенттер үчүн усулдук иштелмелерди колдон келишинче жүктөп киргизүүдө. 3 ЛАБ.диаг. тайпасынын КДЛИ, микробиология, гигиена сабактары боюнча мамлекеттик экзамендин тесттери жана кырдаалдык маселелери түзүлүп, бекитилгенге берилди, анда тести 3 вариант 100дон суроо, 25 билет 3төн кырдаалдык маселелерден түзүлдү.