НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУК БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТТҮ.
Зордук-зомбулук көйгөйлөрү бүгүнкү күндө балдарга карата гана эмес, жалпы эле коомго терс таасирин тийгизе баштады. Зордук-зомбулук балдардын өмүрүнө жана физикалык ден- соолугуна гана залал келтирбестен, балдардын эмоционалдык жыргалчылыгына жана келечегине да чоң коркунуч туудурууда. Бул көйгөйдү алдын алуу үчүн бүгүн 16-февралда, Нарын медициналык колледжинде Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун каржылык колдоосунда «Бакубат» бей өкмөт уюмунун жетекчиси Т.Орунбаева тарабынан колледждин 3-курстун студенттерине 2 күндүк семинар өткөрүлөт.
Семинардын максаты иш учурунда же окуудагы сексуалдык ыдык көрсөтүүнүн алдын алууга, жаштарды зордук зомбулуксуз үй-бүлө курууга, никеге турууга даярдоо, зордук зомбулуктан стресс абалда калгандарга кеп кеңештерди берүү.
Ал үчүн атайын уролог, гинеколог, психолог, юрист жана менторлор тартылган, – дейт аталган уюмдун жетекчиси Т. Орунбаева.
Семинарда кыз ала качуу, зордук-зомбулукту алдын алуу жана гендердик саясаттын өсүүсү бонча кеңири маалымат берилди жана видео роликтер көрсөтүлдү.
Ошондой эле студенттер топторго бөлүнүп, көйгөйлүү маселелер талкууга алынып, ачык айкын сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында семинарга катышкан ар бир студентке блокноттор таратылды.
Мындан тышкары колледжибизде зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча профилактикалык түшүндүрүү иштери улантылууда.