Медициналык кароо
Нарын медициналык колледжинде медициналык кароо өттү
Бүгүн Нарын медициналык колледжинде студенттер үчүн пландуу медициналык кароо жүргүзүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин ден соолугунун абалын көзөмөлдөө, оорулардын алдын алуу, мүмкүн болгон тобокелдиктерди өз убагында аныктоо жана алардын ден соолугун чыңдоого көмөк көрсөтүү.
Медициналык кароонун алкагында студенттер төмөнкү текшерүүлөрдөн өтүштү:
✔️ жалпы дарыгердин кароосу;
✔️ кан басымын жана антропометриялык көрсөткүчтөрдү өлчөө;
✔️ зарыл болгон анализдер боюнча кеңеш берүү;
✔️ ден соолук боюнча сунуштарды алуу.
Ошондой эле, Нарын медициналык колледжи менен Ага Хан медициналык борборунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө түзүлгөн келишимдин алкагында, студенттер Ага Хан медициналык борборунда лабораториялык изилдөөлөрдөн жана флюорографиялык текшерүүдөн өтүштү.
Бул кызматташтык студенттердин ден соолугун комплекстүү көзөмөлдөөгө, ооруларды эрте аныктоого жана сапаттуу медициналык кызматтарды алууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Нарын медициналык колледжи студенттердин ден соолугун сактоого өзгөчө көңүл буруп, социалдык өнөктөштөр менен биргеликте алардын сапаттуу билим алышына жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө бекем негиз түзүү боюнча иштерди ырааттуу жүргүзүп келет.
#НарынМедКолледж #Медкароо #ДенСоолук #СтуденттикӨмүр #СаламаттыкСактоо



