Эрте келген турналар
Нарын медициналык колледжинде унутулгус театр кечи!
27-февраль күнү биздин театр-студиябыздын таланттуу студенттери Чыңгыз Айтматовдун «Эрте келген турналар» чыгармасынын негизинде коюлган спектакль тартуулашты. Зал көрүүчүлөргө жык-жыйма толуп, спектаклдин ар бир көз ирмеми өзгөчө сезимдерге жетеледи.
Бул сонун чыгармачылык ийгиликтин артында биздин студенттердин эмгеги менен бирге, театр-студиянын жетекчиси Бактыгүл Асанбековна Темирканованын чоң салымы бар. Анын чыгармачыл жетектөөсү жана тынымсыз эмгеги менен студенттерибиз сахнада өз талантын ачып, көрүүчүлөргө унутулгус таасир тартуулашты.
Актёрлордун чебер оюну, чыгармадан алган терең таасир жана көзгө жаш алдырган учурлар – баарыбыздын эсибизде узакка сакталат. Биздин студенттердин жана жетекчибиздин эмгегине чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз!
Кийинки спектаклдерди чыдамсыздык менен күтөбүз! Биздин таланттуу жаштарга колдоо көрсөтүп, театр өнөрүнө дагы да жакын болууга чакырабыз!
#НарынМедКолледж #ТеатрСтудия #ЭртеКелгенТурналар #ЧыңгызАйтматов #ТаланттууСтуденттер
МОБИЛДҮҮЛҮК МААНИЛҮҮ ЗАМАН
Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында тажрыйба алмашуу
2025-жылдын 17-21-февраль күндөрү Нарын медициналык колледжинде Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Каракол шаарындагы Иса Ахунбаев атындагы медициналык колледждин Латын тили сабагынын мугалими Мусаева Эльдана Акылбековна тажрыйба алмашуу максатында мейманда болду.
Бир жума ичинде ал биздин колледждин мугалимдеринин сабактарына катышып, окутуу усулдары менен жакындан таанышты. Ошондой эле Нарын шаарынын кооз жерлерине экскурсия уюштурулуп, Нарын облустук тарыхый музейин, Борбордук Азия университетин жана башка маанилүү жайларга барды.
Эльдана Акылбековна биздин колледждеги окуу процессинен жана меймандостугубуздан жакшы таасир алды деп ишенебиз. Биз да өз кезегинде мейманыбызга ыраазычылык билдиребиз жана мындан ары да кызматташабыз деп үмүттөнөбүз!
#НарынМедКолледж #АкадемиялыкМобилдүүлүк #ТажрыйбаАлмашуу
Эне тили – элдин дили!
21-февраль – Эл аралык эне тил күнү
21-февралда Нарын медициналык колледжинде Эл аралык эне тил күнүнө карата “Акыл Ордо” интеллектуалдык оюну өткөрүлдү. Оюнга 3-курстун студенттери катышып, ар бир топтон бирден өкүл ат салышты.
Оюн 3 тур менен өттү:
Биринчи тур – логикалык суроолорго жооп берүү.
Экинчи тур – ар кандай категориялардан 15 суроону тандоо жана жооп берүү.
Үчүнчү тур – табышмактардын жандырмактарын табуу.
Бардык суроолор кыргыз тилинде берилип, оюн абдан кызыктуу болду. Айрыкча, фразеологизмдер боюнча суроолор жана табышмактар чоң кызыгуу жаратты.
Жеңүүчү – Салима, 3-курс, «Дарылоо иши» бөлүмүнүн контракттык тобунун студенти. Бардык катышуучулар жана жеңүүчү кызыктыруучу белектер менен сыйланышты.
Эне тилибизди сактоо жана өнүктүрүү – ар бирибиздин милдетибиз! Эне тилдин барктай билели!
#ЭлАралыкЭнеТилКүнү
#НарынМедКолледжи
#КыргызТили
#АкылОрдо
https://www.facebook.com/share/v/19CMCXfPqJ/?mibextid=wwXIfr
Биз студенттерибиз менен сыймыктанабыз!
Нарын медициналык колледжинин «Дарылоо иши» багыты боюнча 3-курс студенти Солтонкул кызы Бегимай коомдук иштерге активдүү катышып, өз салымын кошуп келет. Ал өзүнүн туулган айылындагы жаңы мектеп жана спорт залынын курулушуна багытталган долбоорду жазууга активдүү катышып, чоң ийгиликке жетишти!
Анын эмгеги жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен ыраазычылык каты жана депутаттардын ыраазычылыгы менен сыйланды.
Биз Бегимайдын аракетине абдан кубанып, анын алдыдагы иштерине ийгиликтерди каалайбыз! Студенттерибиздин ушундай демилгечил, максаттуу жана коомго пайдалуу иштерге катышуусу биз үчүн чоң сыймык!
Ыңгайлуу шарт – сапаттуу билимге өбөлгө!
Нарын медициналык колледжинде студенттерибиз жана мугалимдерибиз үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү иштерин улантып жатабыз.
Өткөн жылы студенттер үчүн жалпы дааратканалар (эркектер жана аялдар үчүн) толугу менен жаңыланды. Бардык сантехника алмаштырылып, капиталдык ремонт жүргүзүлдү. Натыйжада студенттер үчүн шарттар бир топ жакшырды.
Быйыл үчүнчү кабаттагы мугалимдердин дааратканасы толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул ишке колледж жамааты, демөөрчүлөр жана өзгөчө улуу муундагы эмгек жамааты дагы өз салымын кошуп, колдоо көрсөтүштү. Алардын жардамы менен мугалимдер үчүн дагы ыңгайлуу шарттар түзүлдү.
Өзгөчө ыраазычылыкты биздин техникалык кызматкерлерибизге билдиребиз! Алар – чын эле көп кырдуу чеберлер! Өз ишине берилгендиктери, эмгекчилдиктери жана кесипкөйлүктөрү менен колледжибизди таза, заманбап жана ыңгайлуу кылып жатышат.
Биз бул ишке көмөктөшкөн бардык адамдарга ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин колдооңуздар – келечектеги медиктер үчүн мыкты шарттарды түзүүгө чоң салым!