Эне тили – элдин дили!
21-февраль – Эл аралык эне тил күнү
21-февралда Нарын медициналык колледжинде Эл аралык эне тил күнүнө карата “Акыл Ордо” интеллектуалдык оюну өткөрүлдү. Оюнга 3-курстун студенттери катышып, ар бир топтон бирден өкүл ат салышты.
Оюн 3 тур менен өттү:
1️⃣ Биринчи тур – логикалык суроолорго жооп берүү.
2️⃣ Экинчи тур – ар кандай категориялардан 15 суроону тандоо жана жооп берүү.
3️⃣ Үчүнчү тур – табышмактардын жандырмактарын табуу.
Бардык суроолор кыргыз тилинде берилип, оюн абдан кызыктуу болду. Айрыкча, фразеологизмдер боюнча суроолор жана табышмактар чоң кызыгуу жаратты.
Жеңүүчү – Салима, 3-курс, «Дарылоо иши» бөлүмүнүн контракттык тобунун студенти. Бардык катышуучулар жана жеңүүчү кызыктыруучу белектер менен сыйланышты.
Эне тилибизди сактоо жана өнүктүрүү – ар бирибиздин милдетибиз! Эне тилдин барктай билели! ✨
#ЭлАралыкЭнеТилКүнү
#НарынМедКолледжи
#КыргызТили
#АкылОрдо
https://www.facebook.com/share/v/19CMCXfPqJ/?mibextid=wwXIfr