Студенттер күнүнө карата жеңиш
Нарын медициналык колледжинин студенттери футбол таймашында 1-орунду камсыздашты
17-ноябрда Эл аралык студенттер күнүнө карата Нарын педагогикалык колледжинин демилгеси менен Нарын шаарындагы орто жана жогорку окуу жайларынын студент балдарынын ортосунда кичи футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты – студенттер арасында достукту, биримдикти бекемдөө жана спортту жайылтуу болду.
Мелдешке жалпы 9 команда катышып, жогорку деңгээлде атаандаштык жүрдү. Жыйынтыгында Нарын медициналык колледжинин балдар командасы мыкты оюн көрсөтүп, 1-орунга ээ болду.
Жеңүүчүлөр кубок, медаль жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Нарын медициналык колледжи өз студенттерин бул ийгилиги менен куттуктайт жана келечекте дагы спорттук жана чыгармачыл ийгиликтерди каалайт!












































