(10.11.2022) «Медайымдык билим берүүнү реформалоо» долбоорунун жетекчиси Бруно Лаб жана эксперти
Бригита Скела Савич менен Кыргызстандагы медайымдык иш адистерин даярдоо боюнча жаңы эксперименталдык программа менен иш алып барган Кыргызстандагы медициналык колледждердин (Нарын, ОшМУ алдындагы, Бишкек, Токмок, Өзгөн) жетекчилеринин ортосунда концультациялык жолугушуу болду.
Жолугушууда пилоттук режимде «Медициналык айым иши» адистигинин жаңыртылган окуу пландарынын артыкчылыктары, көйгөйлүү маселелери боюнча пикир алмашуулар болду.