САКТАНГАН САКТАЛАТ!
Нарын медициналык колледжинде Нарын шаарындагы өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан атайын машыгуу өттү.
ӨКМден билдиришкендей, машыгууда атайын сценарийдин негизинде өрт чыгып, имараттын ичинен колледждин эмгек жамааты жана студенттери эвакуацияланды.
Бул учурда жарандар тарабынан жасалуучу алгачкы кадамдар, эвакуация жолу, алгачкы жардамдар боюнча эрежелер жана коопсуздук көндүмдөр практикалык негизде көрсөтүлдү.