АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ: ТАНДАЛГАН КЕСИП – ТААЛАЙГА ЭШИК
2024-жылдын 18-апрель ден – 25-апрельге чейинки аралыкта Нарын медициналык колледжинде ачык эшиктер күндөрүн өткөрүү белгиленген.
Бул убакыт аралыгында Нарын шаарындагы орто мектептердин 11-класстарынын окуучулары класс жетекчилери менен келип, окуу жай менен жакындан таанышышты.
Экскурсия убагында мектеп бүтүрүүчүлөрү окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен кенен таанышып, кесипке багыт берүү максатында окуу жайдагы адистиктер, окуу мөөнөтү тууралуу кенири маалымат алалышты.
Экскурсия убагында окуучуларга окуу жайдын студенттери тарабынан бир нече манипуляциялардан мастер класстар көргөзүлдү.
Мисалы: Кычкылтек концентраторун колдонуунун техникасы, пульсоксиметрия, кандын топторун, кандагы кантты, дене салмагынын индексин аныктоо ыкмалары, кан басымды өлчөө, десмургия жана инъекциялардын түрлөрү.
Ар бир экскурсиянын жыйынтыгында мектеп бүтүрүүчүлөрү жана окутуучулары окуу жайга болгон жакшы ойлорун интервью аркылуу айтышып, баардык суроолоруна жооп алып кетип жатышты.
Окуу жайга болгон экскурсиянын жыйынтыгында мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн кесип тандоодо ,өзгөчө медицина кызматкери болсом деген окуучуларды шыктандырды деген ойдобуз.