060109 “Медайымдык иш” адистигинин негизги кесиптик билим берүү программасынын максаттары

Окутуу жаатында:

  • Эмгек рыногунда туруктуу болууга жана социалдык мобилдүүлүгүнө шарт түзүүчү жалпы жана кесиптик компетенцияларга ээ кылуучу орто кесиптик медициналык билим алуу, гуманитардык, математикалык, табигый илимдик билимдердин негиздери боюнча даярдоо;

Тарбиялоо жаатында төмөнкү социалдык инсандык сапаттарды калыптандыруу:

  • чечкиндүүлүк;
  • эмгекчилдик;
  • жоопкерчиликтүүлүк;
  • коммуникативдүүлүк;
  • толеранттуулук;
  • уюштуруучулук;
  • жалпы маданиятын жогорулатуу.

Өнүктүрүүчүлүк жаатында

 Адистик имиджин бекемдөө,интеллектуалдык чөйрөнү өнүктүрүү,студенттердин ар тараптуу чыгармачылык  мүмкүнчулүктөрүн ачуу,гормониялуу инсанды калыптандыруу,баалулуктар системасын ,муктаждыктардын  ийгиликтүү карьерасын курууга умтулуу.

060109 “Медайымдык  иш” адистигин негизги кесиптик билим берүү программасындагы окутуунун күтүлүүчү натыйжалары (ОН)

060109 “Медайымдык иш” адистигинин НКББПда төмөнкү окутуунун күтүлүүчү натыйжалары (ОН) белгиленген:

ОН 1- Изилдөө ишмердүүлүгүн колдонуу менен өз ыйгарым  укуктарынын чегинде  чечим кабыл алат,командада иштей алат.

ОН 2- Кесипттик маселелерди чечүү үчүн маалымат ресурстарын жана  компьютердик  технологияларды колдоно алат.

ОН3 – Кеңеш берүү көндүмдөрү менен  калктын ден соолугун чыңдоого жана  оорулардын алдын алууга багытталган  иш – чараларды жүргүзө алат.

ОН 4- Медициналык иш кагаздарды киргизүү менен медайымдык жардамдын эффективдүүлүгүн баалап,медайымдык процесстти ишке ашыра алат.

Медициналык айым

Ар дайым оорулардын арасында, жанында болуп, оорулуунун абалына көз салып дарыгерлердин көрсөтмөсүн так аткаруучу адис.

Окуу мөөнөтү:  2 жыл 10 ай

Окуу формасы: күндүзгү

Билим деңгээли: орто кесиптик билим берүү
Квалификациясы: медициналык айым.

  Медициналык  айымдар

  • Мамлекеттик жана жеке менчик стационарларда
  • ҮБМ
  • Стоматологиялык борбордо
  • Мектеп
  • Бала бакча
  • Төрөт үйүндө иштей алат