Menu Close

АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ

АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ

Нарын медициналык колледжинде 1-курстун студенттеринин ата-энелери менен жолугушуу болду. Чогулушка колледждин директору
Т.Б. Арпачиева, административдик тобу жана ата-энелер катышты.

Чогулушта колледж тууралуу жалпы маалымат, билим берүү системасынын өзгөчөлүктөрү, колледждин жүргүзүп жаткан ишмердиги, адистиктер, сурамжылоо жүргүзүү маселелери, студенттердин тазалыгы, тартиби жөнүндө айтылды.

Жыйын ата-энелердин суроо-жооп, сунуш пикирлери менен коштолуп, ата-энелер тарабынан берилген суроолорго жеткиликтүү жоопторду ала алышты.

Жыйындын соңунда ата -энелер НМКнын жамаатына, өз ыраазычылыктарын билдиришти.