Жолугушууда Нарын медициналык колледжинин студенттери “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү айтышса, манасчы эпостогу элдик медицина жөнүндө эпостун ыр саптарынан мисалдарды келтирүү менен Манас дүйнөсүнөн кабар берип, катышкандардын жан дүйнөсүн козгогон эпостон үзүндү айтып, соңунда студенттерди “Манас” эпосун ар бир кыргыз билүүгө милдеттүү экенин баса белгилеп, мындай жолугушууларды байма-бай өткөрүп турууга чакырды.
“Башканы коюп Манасты айт”- дегендей, бүгүн Нарын медициналык колледжинде “Манас” эпосу кыргыз рухунун туу чокусу” деген темада “Көйкашка” коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков менен жолугушуу болуп өттү.
