Нарын медициналык колледжинин миссиясы

Республикананын, облустун,  шаардын саламаттык сактоо тармагынын кадрдык потенциалын өнүктүрүү максатында мамлекеттин заманбап талаптарына ылайык жумуш берүүчүлөрдүн, колледждин жана студенттердин кызыкчылыктарын интеграциялоонун негизинде кесиптик жактан компетенттүү, атаандаштыкка жөндөмдүү орто кесиптүү медициналык  адистерин даярдоо.

Колледждин девизи

Санариптештирүү жана сапат маданиятынын  элементерин колдонуу менен билим ишмердүүлүгүн модернизациялоо.

Билим берүүнүн максаттары

  • Кыргыз Республикасынын медициналык колледждеринин арасында жогорку рейтингди камсыз кылуу;
  • НМКнын материалдык-техникалык жана окутуу базасын бекемдөө жана модернизациялоо;
  • Студенттердин жогорку билим деңгээлин камсыз кылуучу натыйжалуу педагогикалык технологияларды колдонуу;
  • Педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу;
  • Социалдык өнөктөштүк мейкиндигин кеңейтүү.

Нарын медициналык колледжинин тарыхы

    Нарын медициналык колледжи (мындан ары НМК)1945- жылдын 23-январында  Тянь-Шань областтык эмгекчилердин депутаттар Кенешинин  аткаруу комитетинин №4\12 «Нарын шаарында 1945- жылы эки жылдык медициналык айымдарды даярдоо мектебин уюштуруу жөнүндө»   чечими менен уюшулган.

       НМК Кыргыз Респуликасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын жана башка укуктук ченемдик актылардын, Уставдын негизинде  орто кесиптик медициналык адистерди даярдоочу мамлекеттик билим берүү мекемеси.

  • 1945-1958-жж.Кыргыз ССРнын Тянь-Шань облусунун Нарын шаардык эки жылдык медициналык айым мектеби.
  • 1859-1976-жж. Кыргыз ССРнын Нарын облусунун Нарын медициналык окуу жайы.
  • 1988-ж. Кыргыз ССРнын Ыссык-Көл облусунун Нарын медициналык окуу жайы.
  • 1989-ж. Кыргыз ССРнын Нарын облусунун Нарын медициналык окуу жайы.
  • 2008-ж. №639 КР Саламаттык сактоо министрлигинин буйругунун негизинде Нарын  медициналык колледжи.

       Нарын медициналык колледжи Нарын  областтык юстиция башкармалыгынан юридикалык жак катары   мамлекеттик кайра каттоодон өткөн (Каттоо номери ГПЮ №0019650).

      2019 -жылы берилген № C2019-0033,  каттоо номери  0019650 сандуу  орто кесиптик билим берүү тармагында билим берүүгө укугун тастыктаган лицензиясы бар.

     Колледждин юридикалык дареги: 722900 Нарын шаары Сагынбай Орозбак уулу көч.  №34.

Нарын медициналык колледжи уюшулган тартып төмөнкү инсандар жетектеп келген:

                      • 1945-1947-жж Герценштейн М.
                      • 1948-1948-жж Вчиличенко Д.С.
                      • 1948-1949-жж Алымкулова Г.
                      • 1962-1963-жж Акималиев Ж.А.
                      • 1952-1958-жж, 1963-1978-жж Кулахмедова А.Г
                      • 1978-1986-жж Абдыкадырова Д.Ж.

 

2011-жылдын август айынан тартып НМКнын директору  болуп

Арпачиева Төлөгүл Батыркановна эмгектенип келе жатат. 

Билими-жогорку медициналык(врач)

 

   Нарын медициналык колледжи уюшулгандан тартып «Дарылоо иши», «Акушердик иши», «Фармация»,  «Медициналык айым иши», “Дарылоо-акушердик иши”, «Лабораториялык диагностка», “Ортопедиялык стоматология” “Стоматология” адистиктери боюнча орто медициналык кызматкерлерди даярдап келген.

Бүгүнкү күнү НМК төмөнкү  адистиктер боюнча кадрларды даярдоону жүргүзүүдө:

Шифр Адистиктер  Окуу мөөнөтү
1 060101 Дарылоо иши 3 жыл 6 ай
2 060102 Акушердик иши 2 жыл 10 ай
3 060108 Фармация 2 жыл 10 ай
4 060109 Медициналык айым иши 2 жыл 10 ай
5 060110 Лабораториялык диагностка 2 жыл 10 ай

2023-жылдын 1-сентябрына карата Нарын медициналык колледжинде 39 штаттык жана 14 айкалышырып иштеген окутуучулар болуп, жалпы 53 окутуучу эмгектенип жатат. 11 окутуучу  “Саламаттык сактоонун мыкты кызматкери”,  7 окутуучу “Билим берүүнүн мыктысы”  төш белгиси менен сыйланган.

НМКда  6 предметтик кошуун иш алып барат. Кошуундарды төмөнкү окутуучулар жетектейт:

  • Касымова Жайнагүл Сатыгуловна – Жалпы билим берүү кошууну;
  • Темирканова Бактыгуль Асанбековна – Жалпы медициналык кошууну;
  • Абдыразакова Жазгүл Дүйшеналиевна – Акушердик-хирургиялык кошуун;
  • Мамытбекова Гүлсайра Ишеналиевна – Терапия жана педиатрия кошууну;
  • Алмазбеков Аскар Алмазбекович – Фармация кошууну;
  • Турарбекова Гүлзат – Лабораториялык диагностика кошууну.

 

Нарын медициналык колледжинин окуу корпусу 4 кабаттуу имаратта жайгашкан.  Имарат 1989-жылы колледждин базасына берилген.  Жалпы аянты 3255 кв. метрди  түзүп, санитардык-гигиеналык жана өрткө каршы  ченемдерге жооп берет.     Имарат борборлоштурулган суу түтүгү, канализация, жылуулук системасы менен камсыздалган. Талапка жооп берген техникалык документтери бар.

Колледждин материалдык техникалык базасы билим берүүнүн заманбап  талаптарына  жооп берет.

  • Окуу пландарына ылайык  зарыл  болгон  окуу  бөлмөлөрү менен  камсыз болгон.  
  • Студенттердин теориялык билимин  практика жүзүндө бышыктоо максатында муляждар менен жабдылган окуу-тренажедук борбор ачылган.
  • Андан тышкары студенттердин  окуусуна ыңгайлашылган  электрондук китепкана, психологдун кабинети, эне-бала бөлмөсү, мед. пункт жана ашкана иштейт.

  НМКнын администрациясы менен студенттердин өз алдынча башкаруу уюму биргелешешип 2018-жылдан тартып Нарын медициналык колледжинде студенттердин “Театр студиясы” уюштурулуп, иш алып барууда.

    “Биринчи байлык ден-соолук” дегендей адамдын ден-соолугу жакшы болсо, ал өзүнүн турмушун жакшы жолго коюуга, билим алууга, өз максатына жетүүгө мүмкүнчүлүгү болот. Ал эми денени чыңдоо спорт менен машыгуу жакшы жыйынтык берет. Нарын медициналык колледжинде окутуучулардын жана студенттердин курама командалары түзүзүлүп, бүгүнкү күнгө чейин алдыңкы оорундарды ээлеп келүүдө.

      2019-жылдын март айында “Дарылоо иши”, “Акушердик иш”, “Медициналык айым иши”, “Фармация”, “Лабораториялык диагностика” жана “Стоматология” адистиктери боюнча Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги (ААОПО) тарабынан көз карандысыз программалык аккредитациядан өтүп, агенттиктин 2019-жылдын 11-мартындагы №3/11/01 буйругунун негизинде № VK190000100 11.03.2024-жылга чейин сертификат берилген.

       2022-жылдын февраль айында “Билим берүү сапатын камсыздоо бөлүмү” уюштурулган. Бөлүм НМКнын өз алдынча түзүмдүк бөлүмү болуп эсептелет. Бөлүмдүн негизги максаты НМКнын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн билим берүүнүн сапатын камсыздоо жана башкарууу боюнча ишмердигин уюштуруу жана координациялоо.

      2022-2023-окуу жылынан тартып Швецария Республикасынын каржылоосу менен «Медайымдык билим берүүнү реформалоо» долбоорунун алкагында Нарын медициналык колледжи пилоттук режимде «Медициналык айым иши» адистигинин жаңыртылган окуу пландары менен иш алып барууда.

      2023-жылдын 24-июлунда  “Медициналык массаж”, “Биринчи жардам берүү”, “Тамактануу жана диетология” кошумча курстарын ишке ашырууга лицензия алынды.

Нарын медициналык колледжи төмөнкү чет өлкөлүк өнөктөштөр менен  иштер алып барылууда.

  • Япония өлкөсүнө студенттерди жумуш менен камсыздоо максатында “Okinawa relationship” компаниясы.
  • Германия өлкөсүнө студенттерди жумуш менен камсыздоо максатында «EDUVIZO” компаниясы
  • Тажрыйба алмашуу максатында КOICA эл аралык уюму
  • Япония Эл аралык кызматташтык агенттиги “JICA”
  • Маалымат-билим берүү борбору “Якуземи”

     Нарын медициналык колледжинин ишмердиги жөнүндө социалдык тармактарга, сайттарга убагы менен маалыматтар  жарыяланып турат.

 

Колледждин гимни

Билим менен келечекке аттанамын,
Ар дайым, колледжим деп мактанамын.
Жалындуу жаштарына кайрат берген,
Өзүңдөн кубат алып шаттанамын.

Билим менен илимдин,
Ак жолунан тайбайбыз.
Бизге ыйык атанын,эненин
Ишенимин актайбыз
Күн-түн дебей калкымдын
Ден соолугун сактайбыз

Ошентип,студент кез башталганы,
Агылды жаштык кездин ак башаты.
Колледжим сен устатсың,сен бийиксиң,
Таанытып,келечекте ак-караны.

Мед колледж,билим берип баарыбызга,
Мед колледж , эмгегиңди элге арна.
Мед колледж, умай –эне улукмандай
Мед колледж, данакер бол ден-соолукта.

Колледжим,умай эне улукманым
Жолуң улап озо бергин кылымдарга.
Билим менен илимдин,
Ак жолунан тайбайбыз.

Бизге ыйык атанын,эненин
Ишенимин актайбыз
Күн-түн дебей калкымдын2
Ден соолугун сактайбыз